Menu

Нур-Султанда көп балалуу энелер тобунун активисти 10 суткага камалды

Бөлүшүү:

Нур-Султанда көп балалуу энелер тобунун активисти Феруза Ордабекова 10 суткага административдик камакка алынды.

Шаардык сот аны “тынч жыйын өткөрүү жана уюштуруу эрежелерин бузду” деп тапты. Соттун токтомунда Ордабекова 25-январда өкмөт имаратынын алдында өткөн мыйзамсыз акцияга катышканы айтылган.

Активист айыптоолорду четке какты. Ордабекова 22-февралда кезектеги нааразылык акциясына катышуу үчүн “Нур-Отан” партиясынын кеңсесине бараткан маалда кармалган.

22-февралда көп балалуу энелер партиянын кеңсесине барып, социалдык жардамды күчөтүүнү, турак жай маселесин чечүүнү, активисттерди кысымга алууну токтотууну талап кылышкан. Казакстанда көп балалуу энелердин нааразылык акциялары өткөн жумада бир үйдө беш бала өрт кырсыгынан улам каза тапкандан кийин кайрадан башталган.

19-февралда Жамбыл облусунун Сарысу районунда беш кабаттуу үйдө өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн беш баласы чарчап калган.

Казакстанда соңку жылдары көп балалуу энелер акция өткөрүп келет. Буга 2019-жылы февраль айында Нур-Султанда өрттөн бир тууган беш кыз күйүп кеткен окуя себеп болгон. Жетишпеген турмушта жашаган кыздардын ата-энеси кырсык учурунда жумушта болгон. Бул окуя казак коомунда нааразылыктарды жаратып, мамлекеттин камкордугун күчөтүүнү талап кылып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: