Menu

Бишкекте билим кедеринен кеттиби, же Кудайбердиева менен АКСЕЛС алдадыбы?

Бөлүшүү:

Ошентип ЖОЖдорго кабыл алуунун 1-туру бүтүп, абитуриенттер багын сынап жаткан кез. Биз баардык абитуриенттерге ак жол каалайбыз.

Коомчулукту таңкалтырып, эсин эки кылып жаткан маселе ЖОЖдорго кабыл алуу кампаниясы эмес быйылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн (ОРТ) жыйынтыгы болду. Алтын сертификат 52 бүтурүүчүгө берилди. 30 сертификат региондор, 22сине Бишкектин бүтүрүүчүлөрү ээ болгон. Тестирлөөнүн 18 жылдык тарыхында бурулуш болуп, алтын сертификаттын 57 пайызы региондор, б.а. Баткен – 8, Ош – 5, Талас -5, Нарын – 2, Чүй – 2, Ысык-Көл – 2 сертификатты бөлүп алышкан. Баардык нерсе салыштыруудан айкын көрүнөт эмеспи. 2018-жылы баардыгы 59 алтын сертификат берилген: Бишкек – 43, Ош – 4, Ысык-Көл – 3, Нарын – 3, Талас – 2, Чүй -1, Баткен -1, Жалал-Абад -1. Ал эми 2017-жылы 55 алтын сертификат берилип, Бишкек – 45, Чүй – 6, Ош -2, Нарын – 1 сертификатка ээ болгон. Ошондо 2018-жылы Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү алтын сертификаттын 72,8 пайызына, ал эми 2017-жылы болсо алтын сертификаттын 81,8 пайызына ээ болушкан. Быйыл болсо, тескерисинче, Бишкек шаары 43 пайызга араң жетти. Бир кезде жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча алтын сертификаттын 33-35 пайызын алып жүргөн эң мартабалуу Якир атындагы №61 физика-математикалык мектепти Баткендеги, Жалал-Абаддага мектептер чаңында калтырганы кандай? Асман-жердей айырманы жараткан бул жыйынтык көз боёмолоо эмеспи? Ар кандай көрүнүштүн себептери, натыйжалары болот. Элдин оозун ачтырып, таңкалтырган 57 пайыз кайдан чыкты? «Быкшып жаткан билим берүү тармагы оңолуп кетти» дейин десең, эч кандай жылыш байкалбайт. Кемчиликтерди мойнуна албай, кебелбей, кербезденген министр Гүлмира Кудайбердиеванын демилгелери же киргизген жаңылыктары көрүнбөйт. Жөнөкөй орфографиялык каталарды оңдой албаган министр 57 пайыз эмненин жыйынтыгы, үзүрү болгонун түшүндүрүп бере алабы же жалпы республикалык тестирлөөнү өткөргөн АКСЕЛС менен сүйлөшүлүп бүтүрүлгөн ишпи же илгертен келе жаткан кошуп жазуу (приписка) илдети кайрадан козголгонбу? Министр айым Бишкектин мектептеринен ат чабым алыста, артта калып жүргөн региондор кантип алдыга чыгып кеткенин түшүндүрүп бере алабы? Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, жалпы коомчулук ушуну күтүүдө.

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: