Бүгүн, 24-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 24 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 12, Чүй облусунан – 3, Ош облусунан – 3, Нарын облусунан – 4, Баткен облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 025 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 59 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 82 938ut жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 23, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 19, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1460ка жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ