Menu

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу маселеси боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү

Бөлүшүү:

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январдагы № 5 “Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу иретинде кабыл алынган, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу жана пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алууга контролду күчөтүү максатында туруктуу иш алып баруучу ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топ жер казынасын пайдалануу объекттеринде көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуусу зарыл, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте зарылдыгына жараша иштин жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана коомдук активисттерди ишке тартууга укук берилген.

Ведомстволор аралык топтун курамына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирет, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисиснин орун басары ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: