Menu

Фото – “Манас” аэропортунда контрабандалык дары-дармектер кармалды

Бөлүшүү:

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген дары-дармектер Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан 25-февралда эл аралык “Манас” аэропортунда “К.Э.И.Т.” ЖЧКнын дарегине үчүнчү өлкөдөн келген жалпы салмагы 20,2 кг болгон декларацияланбаган ар кандай дары дармектердин түрлөрү табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: