Menu

Видео – Ошто Райымбек Матраимовдун 15 миңден ашуун тарапташтары аны камактан бошотууну талап кылышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 15 миңден ашуун тарапташтары аны камактан бошотуу талабы менен тынчтык митингине чыгышты. 

Митингге катышкан ЖКнын депутаты Мирлан Бакиров Райымбек Матраимовдун Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллардын 7 тыйынына да тиешеси жок экенин депутаттык комиссия аныктаганын айтты.

“Райымбек Матраимовдун иши боюнча  ЖКда депутаттык комиссия түзүлүп, $700 миллион боюнча жети ай иликтеп, анын 7 тыйынга да тиешеси жок экенин аныктады. Эми сот адилеттүү болушун каалайбыз”, – деп билдирди ал.

Митингдин аягында резоляция кабыл алынды. Анда Райымбек Матраимовду бошотуу жана аны  “Azattyk.media”, “Kloop,kg” ж.б. басылмалардын жакшы уюшулган аракеттеринин жана башка саясий максаттарына жетүүнүн жабырлануучусу болуп таанылсын деген талаптар айтылат.

Белгилей кетсек,18-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. 20-февралда анын баш коргоо чарасы тандалып, 2 айга УКМКнын тергө абагына камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: