Menu

Президент Садыр Жапаров Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында «Казинформ» эл аралык маалымат агенттигине маек курду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасына боло турган мамлекеттик сапарынын алдында «Казинформ» эл аралык маалымат агенттигине маек курду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кыргыз-казак эки тараптуу мамилелерине, Борбордук Азия интеграциясына, инвестициялык өз ара алакаларды өнүктүрүүгө жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташууларга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Төмөндө маектин тексти:

— Саламатсызбы Президент мырза?

— Саламатчылык.

— Эң оболу, маекке макул болгонуңуз үчүн рахмат. Президенттик шайлоо ушул жылдын январь айында өттү. Сиз жеңдиңиз! Жеңишиңиз менен куттуктайм!

— Рахмат.

— Бул шайлоо сиз үчүн кандай өттү? Шайлоо өнөктүгү эмнеси менен эсиңизде калды? Жарым жыл мурун «мен Кыргызстанды башкарам» деген ой болду беле?

— Жакшы суроо болду. Жарым жыл эмес, чынын айтсам, бала кезимде атам менен энем дайыма телевизордон КПССтин съездин көрөт эле. Менин жакын эжем ал кезде СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. КПССтин съезди болгон сайын ал съездге барабыз деп Москвага кетет эле. Анан атам менен энем телевизор көрсө, бала кезимде 4-5-класста окусам керек, мен да кызыгып көрөт элем. Ал убакта Брежневдин мезгили. Брежнев сүйлөп жатканда «мен дагы Брежневдей болом» дечүмүн. Бул менин ички кыялым эле. Тагдыр экен, мындан 16 жыл мурун, 2005-жылы мен парламентке депутат болуп шайланып келип калдым. Ошол күндөн тартып коррупция менен күрөшүп келе жатам. Өзүңүздөр билесиздер, бийликте 30 жылдан бери коррупция күч алып кеткен. Ошондуктан элибиз 3 жолу төңкөрүш жасады. Буга ошол чиновниктердин коррупцияга малынып кеткени, байлар менен кедейлердин ортосунда чоң ажырым болуп калганы себеп болду. Мына ушунун кесепетинен бизде 3 жолу революция болду. Мындан 8 жыл мурун, сиздерге белгилүү, алтын, күмүш казган «Кумтөр» кенибиздеги болуп жаткан коррупция боюнча маселе көтөрүп чыккам. Кыргыз мамлекетине бир тыйын да пайдасы жок, тескерисинче, биз Казакстанга, Өзбекстанга берип жаткан суунун башаты болгон мөңгүлөрдү талкалап жатканын өз көзүм менен көрдүм. Анан «мындай болбойт, муну токтотушубуз керек», муну аягына чыгарам деп чыктым. Тилекке каршы, коррупция абдан күчөп кеткенинен улам аягына чыгара алган жокмун. Мени биринчи жолу 2012-жылы камакка алышты. Мен 9 айга камалдым. Бирок сотто таза адам катары акталып чыктым. Ошого карабастан, куугунтук улана берди. Акыры мен чет өлкөгө чыгып кеттим. Казакстанда, Россияда жана Европада жүрдүм. 2017-жылы президенттик шайлоого катышуу үчүн кайтып келдим. Октябрда өзүңүздөр билесиздер элдик толкундоолор болуп, элдин жардамы менен түрмөдөн чыгып, бийликке келдим. Мен бийликке келип, отуруп калдым деп сүйүнбөйм. «Алты ай мурун сиз Президент болом деп ойлодуңуз беле» деп суроо бербедиңизби, качандыр бир мезгилде Президент болом деген максатым болгон. Бирок качан экенин мен билбейт элем. Мен октябрдан кийин Президент болуп калдым деп сүйүнгөн жокмун. Мен эң биринчиден, кан төкпөй, тынчтык жолу менен, бир айнекти сындыртпай, талап-тоноочулук кылдыртпай, байлар менен кедейлерди бири-бири менен кагылыштырбай тынчтыкты сактап кала алганыма сүйүнөм. Президент болуп калганыма эмес, тынчтыкты сактап калганыма сүйүнөм.

— Сиз Президент болуп шайландыңыз. Жакында эле Россия Федерациясына сапар менен барып келдиңиз. Азыр эми Казакстанга мамлекеттик сапар менен бара жатасыз. Эмне үчүн ушул эки өлкөнү тандадыңыз жана Казакстанга кандай сунуш менен баратасыз?

— Мен Президент болуп шайлангандан кийин Касым-Жомарт Кемелович биринчилерден болуп чакырды. Ошондо мен сөз бергем. Менин Орто Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи Казакстанга баратканымдын себеби ошол. Экинчи себеби, биз — казак-кыргыз бир тууган элбиз, кошуна элбиз, бизди көп кызыкчылыктар бириктирип турат. Ошентип, мен бир тууган элге бара жатам. Биринчи сапарым Орусия мамлекетине болгонунун себеби — бизде тез аранын ичинде протоколдор жана макулдашууларга кол коюуга даяр болуп калган документтердин болгондугу болду. Эми Кудай буюрса, 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барганы турабыз. Андан кийин 11-12-март күндөрү Өзбекстанга сапарыбыз болот. Андан кийин Кытай жана Түркия мамлекеттерине пландар бар. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди өтө жогорку деңгээлге жеткирүүгө болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Биздин саясат ушундай.

 — Сиз казак-кыргыз бир тууган деп жакшы айттыңыз. Ырас, биз боордош мамлекетпиз. Бирок эки эл болгондон кийин акыркы 25 жылда биз бир катар документтерге жана келишимдерге кол койдук. Айрым маселелер чечилди. Сиз Казакстан менен болгон мамилени ушул нукта улантасызбы?

— Биз казак-кыргыз бир тууганбыз. Эгер чоочун адамдан казак менен кыргызды катар коюп, кайсынысы казак, кайсынысы кыргыз деп сурасаңыз, эч ким айырмалап, биле албайт. Ошондуктан казак мамлекети менен макулдашууларда, ар кандай бир келишимдерге кол коюуда же кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса бизде эч кандай талаш-тартыштар болбошу керек. Себеби биз бир тууган калкпыз. Бир-эки күндүк өмүр менен жашабайбыз. Биз түбөлүк мамлекетпиз. Бизди эч ким ажырата албайт. Ошондуктан казак мамлекетине барганда макулдашууларга, келишимдерге, эки мамлекеттин ортосунда болуп жаткан мамилелерге кол коебуз. Бирок чечилбей турган маселе болбошу керек. Анткени, биз бир тууган элбиз.

— Ошону менен Сиздин оюңузча, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда чечилген маселелер көп. Ал эми чечилбеген көйгөйлөр барбы?

— Чечилбеген көйгөйлөр жок. Баары жакшы. Майда маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечип алабыз.

— Казакстан жана Кыргызстан бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү. Алардын арасында эки ири уюм бар: Евразия экономикалык бирлиги жана Шанхай кызматташтык уюму. Менин суроом ушул эки уюмдун ичинде Казакстан менен Кыргызстандын кайсы көз караштары орток?

— Бизде ЕАЭБде, ЖККУда, ШКУда, КМШда көп маселелер бар. Бирок ошол бардык маселелерде казак менен кыргыздын кызыкчылыктары төп келет. 90% маселелерде эки мамлекеттин кызыкчылыгы бирдей. Ошол убакта кызыкчылыктарыбызды бирдей коргогонго турабыз. Позицияларыбыз да дайыма бирдей. Биз ЕАЭБде дагы, ШКУда дагы бири-бирибиз менен кеңешип иш кылып жатабыз. Бул ишибиз мындан ары дагы улана бермекчи.

— Эгемендүүлүктү алгандан бери Борбор Азия интеграциясы жөнүндө эксперттер жана саясат таануучулар көп айтышты. Сиздин Орто Азия интеграциясына көз карашыңыз кандай?

— Орто Азия интеграциясы жөнүндө 2000-жылдардан бери сөз болуп келатат. Мага жеткен маалыматтар боюнча, Өзбекстан менен Түркмөнстан жакын арада интеграциялык конференцияларды өткөрөлү деген сөздөрү бар. Биздин мамлекет ошол конференцияны Бишкекте өткөрсөкпү деген ой-максатыбыз бар. Аны бизде өткөрөлү деп суранмакчыбыз. Анткени Орто Азия мамлекеттери дайыма бири-бири менен интеграциялык кызматта болуусу, дайыма бири-бири менен байланышып туруусу керек. Баары бир болуп турбаса, чачыранды мамлекеттер болуп, ар кандай минустарга алып барышы мүмкүн. Ошондуктан Орто Азия мамлекеттери дайыма бири-бирибиз менен жакын мамиледе болушубуз керек деп ойлойм.

— 2005-жылдан баштап Казакстандан Кыргызстанга тоо-кен, коммуникация сыяктуу тармактарга болжол менен 1 млрд долларга жакын инвестиция берилди. Биздин адистер Кыргызстанда иштейт. Эки элдин ортосунда экономикалык карым-катнаш бар. Казакстандын инвестициясы боюнча сиздин саясатыңыз кандай болот?

— Бийликке келгенден кийин биз бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык. Албетте, толук кандуу коргоого ала элекпиз. Билесиздер, биздин эл президенттик башкаруу формасын тандады. Ошого байланыштуу жаңы Конституцияны кабыл алабыз. Андан кийин жаңы мыйзамдар жазылат, жаңы парламент шайланат. Бүгүнкү күндө Өкмөттүн алдында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги бар. Бул азырынча Өкмөттүн алдында. Жаңы Башмыйзам кабыл алынгандан кийин бул агенттиктин деңгээлин жогору көтөрөбүз. Бул агенттик Президенттин алдындагы Улуттук агенттик болот. Бардык инвесторлор ушул агенттик менен түзмө-түз иштейт. Укук коргоо органдарынан же коррупционерлерден инвесторлорго басым жасала турган болсо, анда бул агенттик мына ошолордон инвесторлордун кызыкчылыгын коргойт. Менин жеке көзөмөлүмдө болот. Инвесторлор мамлекет менен келишим түзөт. Алар мамлекет менен иштейт. 20-30 жылдык узак мөөнөттүү долбоорлор болсо дагы бийлик алмашып кетеби, кандай болсо дагы инвесторлор салган долбоор иштей бериши керек. Инвесторлор менен узак мөөнөттүү келишим түзгөндөн кийин, алардын кызыкчылыктары ошол мөөнөткө чейин мамлекет тарабынан корголушу керек. Мына ошондо инвесторлор коркпой келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында: Таласта, Ала-Бука, Чаткалда казак инвесторлору келип иштеп жатышат. Буга чейин инвесторлорду кыйнап, мүлкүн алып же иш козгоп койгон учурлар болгону жашыруун эмес. Инвесторлорго мындан ары ошондой мамиле болбошу үчүн ушундай улуттук агенттик түзөлү деп ниеттенип атабыз. Казакстандан эле эмес, бардык дүйнө жүзүнөн келген инвесторлорду Президент жеке өзү улуттук агенттик аркылуу коргоп алат.

— Трансчек аралык өзөн-суулар маселесине токтолсок, буга сиздин көз карашыңыз кандай? Бул көйгөйдү чечүү жолу кандай?

— Суу маселеси боюнча биздин өзүбүздө проблемалар башталды. Анткени баарыңыздар жакшы билесиздер, дүйнө жүзүндө суунун жетишсиздиги башталбадыбы. Ошого байланыштуу эгерде бүгүнкү күн менен кете берсек, анда эмки жылы биздин Токтогул суу сактагычында катастрофалык деңгээлге жете турган акыбалга келип калдык. Ошондуктан биз азыр Өзбекстандан, Казакстандан электр энергиясын импорттоо маселесин карап жатабыз. Казакстан Республикасы жакында 900 млн кВт — 1 млрдга жакын кВт электр энергиясын бизге бере турган болду. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себебин айтайын, эгер биз азыр сиздерден электр энергиясын албасак, анда бизге элибизди электр энергиясы менен өзүбүз камсыз кылууга туура келет. Эгерде биз азыр Өзбекстан менен Казакстандан импорт ала албасак, анда вегетациондук мезгилде биз сиздерге суу бере албай калабыз. Анткени Токтогул суу сактагычында суу азайып кетет. Эгерде биз өзүбүз электр энергиясын өндүрө баштасак, анын аягы ушундай болуп калышы мүмкүн. Демек, биз энергияны Казакстан менен Өзбекстандан импорттошубуз керек. Бул баарыбызга пайдалуу. Натыйжада, өтүп жаткан мезгилде коңшу мамлекеттердин алдындагы милдеттенмелерибизди аткарабыз деген үмүттөбүз.

— 2-мартта боло турган сапарыңызда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эмне жөнүндө сүйлөшөсүз, четин чыгарып айта аласызбы?

— Бул менин Казакстанга Президент катары биринчи иш сапарым. Ошондуктан мен бир туугандык байланыштарды чыңдоо максатында расмий чакыруу менен мамлекеттик иш сапарга бара жатам. Дагы бир жолу айткым келет, казактар менен кыргыздардын ортосунда чечилбеген маселе болбойт. Бардыгы сүйлөшүү жолу менен чечилет. Албетте, биз келишимдерге кол коёбуз. Биз казак мамлекетинин дагы, кыргыз мамлекетинин дагы кызыкчылыгына дал келген маселелерге кол коюшабыз. Мындай көйгөйлөр көп. Мен сизге баарын айтып отурбайын.

— Биз кыргыз ЖМКларын, сайттарын, Фейсбукту карап, окуп жатабыз. Сизди катаал жетекчи деп эсептешет. Мындай имидждин калыптанышына эмне себеп болду?

— Балким сыртыман караганда катаал көрүнөт чыгармын. Бирок өзүм жумшак адаммын. Бизде азыр бардык мыйзамдар иштейт. Мен бардыгына — министрлерге, Премьер-министрге, күч түзүмдөрүнө мыйзам чегинде иштегиле деп айтам. Коррупционер болсо мурункубу-кийинкиби кылмыш ишине жараша жазасын алсын дейм. Эгерде жалаа жаап, жөн эле камап кое-турган болсоң, анда сен өзүн күнөөнү тартасын деп айтам. Ошондуктан бизде азыр мыйзам анан система иштей баштады. Катаал деп айтканыңыздын төркүнүн түшүнүп турам. Мурдагы жетекчилер, премьер-министрлер, министрлер жана башка чоң коррупционерлер камалып атат. Ошол таризде суроо берип жатасыз. Бизде 30 жылдан бери коррупция гүлдөп-өсүп, өнүгүп  кеткен. Ошондон улам бизде үчүнчү революция болду. Бул биринчи себеби. Экинчи себеби — таза эмес, адилетсиз шайлоолордон келип чыккан. Ошондуктан биз мурдагы президенттердин катасын кайталабай, таза шайлоо өткөрөлү деп, таза шайлоо өткөрдүк. Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум болот. Биз аны таза өткөрөбүз. Андан кийин күзүндө парламенттик шайлоо болот. Аны да таза өткөрөбүз. Биздин мыйзамдар дагы толугу менен иштеши керек. Мыйзам менден тартып кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болушу керек. Биз бүгүн ошол мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотуп жатабыз. Бирок биз бир жылдын ичинде эле жипке тизгендей кылып алып кетебиз деп айтпайбыз. Анткени 30 жылдан берки чирип калган системаны кайрадан жипке тизгендей алып кетиш үчүн 2-3 жыл убакыт керек. Албетте, кемчиликтер бар. Андай болбой койбойт. Бирок иштебеген адам гана жаңылбайт дейт. Албетте, кемчиликтер болот. Бирок, биз аны дароо ондоп-түздөп кеткенге болгон аракетибизди жумшап атабыз.

— Тышкы саясат жөнүндө айтсаңыз. Эми Кыргызстандын тышкы саясатынын негизи кандай болот?

— Биринчи кезекте кошуна мамлекеттер менен бир туугандык мамилени улантабыз. Анткени, кыргыз менен казакта «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, биз биринчи кезекте ошол жакын коңшулар менен жакшы мамилени түзүшүбүз керек. Себеби жакынкы коңшуларыбыз менен күнү-түнү чек ара карым-катыштары болот, элибиз бири-бири менен бизнес кылат. Ал эми Россия сыяктуу башка өлкөлөр менен стратегиялык союздашпыз. Алар менен дагы жакын мамиледе болобуз. Жана башка Европа, Америка — бардык өлкөлөр менен теңата, эки тараптуу кызыкчылыкты эске алып, мамиле түзөбүз. Бардык мамлекеттер менен бирдей мамиле түзөбүз.

— Албетте, сиздин бош убактыңыз жок, түшүнөм. Жаңы эле кызматка кириштиңиз. Бирок, Кыргызстандын Президенти бош убактысын кандайча өткөрөт?

— Чынын айтсам бош убактым жок. Мынакей азыр эле келип, пресс-катчым жана кеңешчимди «силер мага бош убакыт бербей жатасыңар» деп урушуп жатам. Бирок бош убактым болуп калса эле бассейнге барам. Кудай буюрса, күн жылыганда футбол, чоң теннис ойнойм. Бирок азыр бош убакыт абдан аз.

— Казакстан элине эмне каалайт элеңиз, эмне тилегиңиз бар?

— Казак элине ынтымак, жакшылык жана тынчтык каалайм! Албетте, казак эли бүгүн бизден бир топ жыл алдыга кеткен мамлекет экенин моюнга алышыбыз керек. Дагы да алдыга жылышын каалайм. Анткени сиздерде болуп турса, сөзсүз түрдө бизде да болот. Биз бир тууган калкпыз. Эч убакта бири-бирибизди таштаган эмеспиз. Муну тарых тастыктайт. Казактын башына күн түшкөндө кыргыздар жардамга барып турган, кыргыздын башына мүшкүл түшкөндө казактар жардамга келип турган. Муну тарых тастыктап турат, маселен, 1930-жылдары сиздерде ачарчылык болгондо, казак боордоштордун көпчүлүгү бизге ооп келген. Ошондо колубузда бир чака талкан болсо, жарымын казак баурдастарга берип, ачкачылыктан сактап калганбыз. Менин кичи мекенимде — Түп районунда он чакты казак айылы бар. Бирок 100 жылдай убакыт өттү, ошондон бери биз бир тууган болуп, аралашып жашап калганбыз. Мына ушундай мезгилдерде бири-бирибизге жардам берип, ар дайым бири-бирине бекем туруп берген калк болгонбуз. Ошондуктан, казак боордошторго Кудайдан жакшылык, өсүп-өнүгүү, эли-журтунда тынчтык болуусун тилейм!

— Урматтуу Президент, Сизге чоң рахмат!

— Сизге дагы чоң рахмат!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: