“Азыркы Конституциянын авторлору ким айтып коюңуздарчы? Ээси ким, мээси ким? Документтерде бир дагы депутаттын колу жок”, – деп сурады бүгүн, 3-мартта депутат Рыскелди Момбеков ЖКнын жыйынында.
Депутат Бактыбек Турусбеков тизмени аппарат бере турганын айтты.
«1-марттагы 65 депутаттын колу коюлган документ бар. Анда каза болгон Алмазбек Акматовдун колу жүрөт. Аны кечээ эле жерге бердик го. Ал кантип кол койду? 1-мартта ал кантип кол койду? Дүйнө салып кетти го. Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатат, ал кантип кол койду?”, – деп сурады депутат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов юридикалык жол-жобо бар экенин, ал жерде 65 депутаттын эмес, Конституциянын демилгечилери болгон 80 депутаттын колу бар экенин айтты.
“Референдум жөнүндө мыйзам деп туруп Баш мыйзамды киргизип жатасыңар. Алдабагыла! Конституциялык кеңешменин төрагасы Бөрүбашевдин колу менен кирди. Инструкциясы менен кирди. Инструкция менен Конституцияны кабыл албайт. 80 депутаттын колу жок. Мурда 80 депутат демилгелеген мыйзам башка, азыркы кирген башка болуп жатат. Ошон үчүн бирөө да унчуга албай отурат. Талант Турдумаматович, сиз өзүңүз 20-ноябрдагы жарлыгыңызда Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө КР мыйзам долбоору деп жүрөт, а бул жакта референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору каралууда. Аталышы эки башка. Демек, эртең депутаттар “ал мыйзамга мен кол койгон эмесмин” деп секирет. Өтпөйт бул. Элдин талабы Курултай болчу, аны да киргизген жоксуңар”, – деп ачууланды депутат.
Парламент төрагасы Талант Мамытов президенттин м.а. болуп турганда буйрук менен Конституциялык кеңешмени түзгөнүн, 80 депутат Баш мыйзамды демилгелегенин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ