Menu

Өзбекстан Ооганстандан 24 жаранын алып келди

Бөлүшүү:

2-мартта Өзбекстан Ооганстандан 24 жаранын алып келди. Алардын 19у эрезеге жете элек өспүрүмдөр.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ооган тарап өзбек жарандарын Сурхандарыя облусун Ооганстан менен байланыштырып турган Хайратон көпүрөсү аркылуу өткөрүп берди.

2017-жылдан 2020-жылга чейин ооган атайын кызматтары менен кызматташтыктын негизинде Өзбекстан 86 жаранын кайтарган. Алардын баары мыйзамсыз куралдуу топтордун катарында жүрүшкөн.

2020-жылы декабрда Ташкент Сириядагы куралдуу кагылыштар болуп жаткан аймактардан 98 өзбекстандыкты алып келген. Алардын 25и аял, 73ү бала болгон.

2019-жылы октябрда Сирияда ата-энесиз калган 64 бала Өзбекстанга алып келинген. Ошол эле жылы май айында аялдар жана балдардан турган 156 өзбекстандык мекенине кайтарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: