Menu

Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды

Бөлүшүү:

Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын берген маалыматына ылайык, бүгүн 3-мартка карата райондо күйүүчү майдын жалпы запасы 808 миң 410 л. түздү. Анын 589 миң 060 л. солярка, 41миң 750 л. Аи-80, 170 миң 600 л. Аи-92, 7 миң л. Аи-95 маркасындагы бензин.

Акыркы эки күн ичинде Исфана шаарындагы күйүүчү май тартыштыгы орун алган май куйуучу жайларга, күйүүчү май жеткирилип, тартыштык жөнгө салынды.

Учурда Исфана шаарындагы май куйуучу жайларда кезек күткөн унаалар жок, бензин 45,50 тыйындан сатылууда.

Белгилей кетсек бул күндөрү соляркага муктаждык болгон жок, дээрлик бардык май куйуучу жайларда солярка жетиштүү болду, жазгы талаа жумуштарына кедергеси тийген жок.

Тартыштык негизинен Аи-92 маркадагы бензинге болгон.

Белгилей кетсек, күйүүчү майдын тартыштыгына Бишкек шаарынан базадан аз өлчөмдө чыгуусу себеп болсо, баасынын жогорулоосуна Россия мамлекетинде, жалпы эле дүйнөлүк рынокто жогорулагандыгы себеп болууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: