Menu

Видео – Ошто жасалма АКШ долларын сатып жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош облусунан ири суммадагы жасалма АКШ долларын сатып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош жана Жалал-Абад  облусунун аймагында белгисиз адам жасалма АКШ долларын сатуу менен алектенет деген ыкчам маалымат алышкан. Топтолгон материалдар КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Жасалма акчалар менен алектенгендерди аныктоо жана бетин ачуу максатында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы комплекстүү уюштуруучулук жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Кылмышкерлер жасалма 1000 АКШ долларын  накта 350  АКШ долларына алмаштырууга аракет кылышкан. Сатып алуучу катары ыкчам кызматкерлер өздөрү барышкан.

1-мартта болжол менен 21:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунда жасалма 17500 АКШ долларын накта 5000 АКШ долларына сатып алмаштырууга аракет кылган  учурунда ушул эле облустун жашоочусу 1986-жылы туулган А.А. кармалды. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жасалма акча каражаттарын даярдоонун сапаты менен деңгээли өтө жогору жана болжолдуу маалымат боюнча жакынкы мамлекеттердин биринен алынып келинген. Акыркы жылдары жасалма чет өлкөлүк акча каражаттарды даярдоо жана сатуу фактысы катталганы биринчи жолу эмес. Акчанын белгилерин жасалмалоо жана сатуу ыкмаларын ар дайым өнүктүрүүсүнө, кылмышкерлердин уюштуруучулугуна  укук коргоо органдарынан мындай фактыларга бөгөт коюу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугу үчүн алардын терс таасирин тийгизбөө максатында натыйжалуу чечимдерди кабыл алыш керек.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүруп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: