Бүгүн, 4-март күнү саат 03:38 чамасында Масалиев көчөсүнүн №16Б дарегинде жайгашкан “Ала-Тоо” кафесинен өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм, ИИМден 2 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 04:13тө чектөөгө алынып, саат 06:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1541 чарчы метр түзгөн.
Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ