Menu

Жогорку cоттун төрайымы Гүлбара Калиева тартип комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп эсептейт

Бөлүшүү:

Жогорку cоттун төрайымы Гүлбара Калиева тартип комиссиясынын аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндөгү чечимине комментарий берди. Анын билдирүүсүн соттун басма сөз кызматы таратты.

Жогорку соттун төрайымы ооруп жаткандыктан Тартип комиссиясынын жыйынын кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. Бирок, жыйын Гүлбара Калиева жок өтүп, чечим кабыл алынды. Буга байланыштуу ал Тратип комиссиясынын бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейт.

Ошондой эле, Калиева чечим шашылыш түрдө кабыл алынганын белгиледи.

“Мыйзамдарда ылайык, маселени кароого төрт ай убакыт берилет. Мындай аракеттер мыйзамга каршы келет”, – деди Гүлбара Калиева.

Белгилей кетсек, бүгүн Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берди. Ошондой эле, аны кызматтан убактылуу четтетүүнү президент Садыр Жапаровго сунуш кыла турган болду.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Гүлбара Калиевага каршы иш козголгонун билдирген. Ал «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууда жана аны ишке ашырууда коррупция фактысына тиешеси бар экенин, эгерде Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берсе, анда ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: