Бүгүн, 19-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда ок атуучу куралдар, ок дарылар жана жардыруучу заттар табылды. Бул тууралуу обслусттук милициядан маалымдашты.
Берилген маалымат боюнча район аймагында атайын жайдан 1 даана РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы, 2 даана тротил шашкасы, 17 даана Калашников автоматынын октору, 1 даана 16-калибриндеги огуна ылайыкташтырылып колдо жасалган ок атуучу курал, 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган.
Алынган буюмдар боюнча Ош ОИИБинин тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, криминалисттик экспертизалар дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ