– Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?
– Мамлекеттик коопсуздук мыйзам жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн демилгеси аркылуу ишке ашырылса, анда бул дүйнөдө эбакта эле тыптынч болуп, сиз айткандай адилеттүүлүк өкүм сүрмөк. Албетте УКМК жана башка мамлекеттик укук коргоо системасындагы мекемелеринде олуттуу реформа жүргүзүү керектиги жалпыбызга белгилүү. Мисалы, ошол УКМКдан Коррупцияга каршы кызматын алып, коомдук кызмат кылса болот Сингапурга окшоштуруп. Ошондой эле бирдиктүү Тергөө комитетин түзүп, кылмыш ишин козгоону ошол кызматка берип жана ошол кызматты толук көзөмөлгө алса болот.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ