Жапалак айылынында 2017-жылдын 27-июнь күнү Араван каналына 1 аял агып кеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.
КР ӨКМ Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары менен туугандары биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүп, туугандары тарабынан аялдын сөөгү табылган. Ал эми ошол эле, 27-июнь күнү саат 17:32 чамасында Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз агып кетип дайыны чыккан эмес. Издөө иштерине КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган. Издөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ