Menu

Премьер-министр Улукбек Марипов Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү, жакын досу, мамлекеттерди тарыхый жана маданий түйүндөр байланыштырып турат.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, экономикалык кызматташтык, инвестициялык климатты жакшыртуу багыттарына тийиштүү, биргелешкен кыргыз-россия долбоорлорун колдоо боюнча жана өз ара кызыкчылыктагы өнөктөштүктүн башка актуалдуу маселелеринин топтому талкууланды.

Премьер-министр баса белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарында эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Өкмөт тийиштүү иштерди жүргүзөт.

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко өз кезегинде кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө даяр экендигине ишендирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: