Menu

Ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмодзода жана Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, чектеш элдердин ынтымагын, достугун бекемдөө боюнча сүйлөшүштү.

Өзгөчө чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алуу менен, орун алган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашышты.

Белгилей кетсек, ушул тапта Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусу жана Өзбекстандын Фергана облусу менен кызматташуу боюнча иш чаралар планы талкууланууда.

Алдыда, аталган иш пландарды бекитүү менен, тараптар эки тараптуу кызматташууда экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулаарын белгилешүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: