Бүгүн, 11-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 52 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 26, Чүй облусунан – 16, Ош облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 2, Баткен облусунан – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 692 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 52 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 718ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 19, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 9, Ош облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 12, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1476га жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ