Menu

Милиция: Сокулукта 15 жаштагы кыздын төрөгөнү боюнча иш облустук прокуратурага жөнөтүлгөн

Бөлүшүү:

Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы ЖМКларда тарап жаткан “Сокулукта 15 жаштагы кыз 40  жаштагы кишиден төрөдүбү?” деген маалымат боюнча билдирүү таратты.

Алардын айтымында, 2020-жылдын декабрь айынын башында Сокулук районунун ИИБнө Е.В. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2005-жылы туулган кызы Т. аттуу жаран менен жыныстык катнашта болгонун билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында Т. аттуу жарандын өздүгү такталып, ал Ош облусунда туулуп өскөн 40 жаштагы Б.Т. экендиги аныкталган.

Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, окуяны ар тараптуу териштирүү үчүн Б.Т. жана жабырлануу кыз суралып, Б.Т. аттуу жаран бул окуяга катыштыгы жок экендигин билдирген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Күнөөлүүнү аныктап жоопко тартуу үчүн, окуяны ар тараптуу иликтөө үчүн бир катар ыкчам тергөө иш-амалдарын жүргүзүү зарыл болгон. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, жабырлануучу Сокулук районунун прокуратурасына жогорудагы ишти кыскартуу үчүн тосмо арыз менен кайрылган.

2021-жылдын февраль айында Чүй областык прокуратура тарабынан жогорудагы иш суратылып, тергөө кызматы тарабынан чогултулган материалдар областык прокуратурага жөнөтүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: