Menu

Сузакта зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн 18-мартта Сузак РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын демилгеси менен өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жөө жүрүш болуп өттү. Сузак жана Ырыс айыл аймактарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары колдоруна ар түрдүү мазмундагы плакаттарды көтөрүшүп, 2 чакырымдай аралыкты басып өтүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жөө жүрүш Жалал-Абаддын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелигинен башталып, Сузактын борбордук аянтында жыйынтыкталды. Өспүрүмдөрдүн коопсуздугун Сузак РИИБдин өздүк курамы жана ЖКККБнүн кызматкерлери көзөмөлгө алышты.

Жөө жүрүштүн соңунда мектеп окуучулары Сузактын борбордук аянтына топтолушуп, ал жерде милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жаш өспүрүмдөргө баңгизаттарын колдонуунун терс жактары, кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы камтылган атайын брошюралар таратылды. 

Бул иш-чарага катышкан райондук прокуратура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жаштарга кайрылуу жасап, кылмыштуулуктан алыс болууга үндөштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: