Menu

Ошто рейд учурунда түнкүсүн интернет клубдарында жүргөн 42 өспүрүм кармалды

Бөлүшүү:

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан  «Кароосуз балдар» деген аталыштагы профилактикалык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын негизги максаты Ош шаарынын аймагында оор социалдык шарттарда жашаган балдарды аныктоо, тиешелүү жардам колун сунуу болуп саналат. Ошол эле мезгилде милиция кызматкерлерине жаш балдардын мээнетин мыйзамсыз пайдаланган ата-энелерди жана түнкү мезгилде чоӊ адамдардын коштоосу жок жүргөн  өспүрүмдөрдү табуу, алар менен мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алууну көздөгөн маектешүүлөрдү жүргүзүү тапшырылган. Бул рейд өткөн үч күн аралыгында милиция кызматкерлери коомдук жайларда: соода түйүндөрүндө, базарларда, интернет жана түнкү клубдарда, жаш өспүрүмдөр болушу мүмкүн делинген жер төлө менен чердактарда болушуп, ал жерден табылган өспүрүмдөр менен маектешүүлөрдү өткөрүштү.

Рейд учурунда атайын учетко 8 өспүрүм коюлду, шаардык балдар комиссиясына кароо үчүн оор шартта жашаган 11 бала боюнча тиешелүү маалыматтар топтолуп, жөнөтүлдү. Дайынсыз жоголгон бир баланын жүргөн жери такталып, 2  кылмыштын бети ачылды.  Түнкүсүн чоӊ адамдын коштоосу жок  интернет клубдарында жүргөн жүргөн 42 өспүрүм балдардын реабилитациялык борборуна алынып келинди.  Бул балдар окуган тешелүү билим берүү мекемелерине, социалдык коргоо тармагына 31 кат жөнөтүлдү.

Өз балдарына тиешелүү көңүл бурбай, милдеттерин аткарбаган ата-энелерге карата  21 протокол түзүлдү.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан бул багытта ишти күчөтүү тапшырылып, жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалуучу кылмыштардын жана жаш өспүрүмдөргө карата жасалуучу кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер  уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: