Menu

Баткен облусу Юнисеф уюму менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи 

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев, БУУнун  Юнисеф уюмунун  Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен  жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эрлан Сапарбаев өз сөзүндө, Юнисефтин саламатттыкты сактоо, билим берүү тармактарындагы жана жалпы эле облустун социалдык маселелерин жеңилдетүүдөгү көмөгү үчүн  ыраазычылыгын билдирди. 

Ал эми Кристин Жольм, өз кезегинде аталган уюмдун иш аракеттерин Баткен облусунда ишке ашыруудагы  облус жетекчилигинин колдоосун жогору баалады. 

Тараптар Баткен облусу менен Юнисеф уюму мындан ары да тыгыз  кызматташтыкта иш алып бараарын белгилешти. 

Алдыда калкты жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу элдин маалымдуулугун арттыруу, эрте никеге туруу көйгөйүн биргелешип токтотуу, кошуна мамлекеттер менен чектеш  аймактагы жаштардын ынтымагын,  чыңдоо максатында маданий, спорттук жана башка иш чараларды өткөрүү, коомчулукта актуалдуу болгон социалдык маселелер боюнча атайын окутууларды уюштуруу, балдар бакчасына тартылган балдардын санын көбөйтүү, пандемия шартындагы муктаждыктарды биргелешип чечүү боюнча иш план даярдоо макулдашылды.  

Белгилей кетсек Юнисеф уюму Баткен облусунун саламаттыкты сактоо мекемелерин оңдоп түзөө, медициналык жабдуулар менен камсыздоо, кызматкерлерди окутуу боюнча, ал эми билим берүү тармагында жамааттык балдар бакчаларын ачуу, билим берүү мекемелерин окуу китептери, окуу куралдары менен камсыздоо, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу багытында долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келет.  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: