Menu

Мурас-Ордо конушунда 13 жаштагы инисинин өлүмүнө шектелип кармалган агасы СИЗО-1ге эки айга камалды

Бөлүшүү:

18-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен бир тууганынын өлүмүнө шектелип кармалган 16 жаштагы А.С. СИЗО-1ге эки айга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 2004-жылы туулган А.С. тергөө изоляторунда болот.

Белгилей кетсек, Мурас-Ордо конушундагы каргашалуу окуя 17-мартта болгон. 

Каза болгон 13 жаштагы А.М. талма оорусу менен ооруп келген. Ошондуктан аны дайыма көзөмөлдөп турушкан. Окуя болгон күнү ата-энеси жумушка кетип, аны 10-класстагы агасы А.С. карап калган.

Өспүрүмдүн сөөгүн саат 11:00 чамасында жумуштан келген апасы тапканы аныкталган. Бул учурда инисин карап калган агасы А.С. үйдө болгон эмес.

Факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча катталган. Маркумдун 16 жаштагы агасы “Эркин экономикалык аймакка” жакын жердеги камыштардын арасынан табылган.

А.С. айтымында иниси экөөнүн ортосунда чыр чыгып, уруша кетип, инисине бычак сайган. Анын иниси алган жаракатынан эсине келбей көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: