Орусиянын Самара шаарынын соту Кыргызстандын жаранын 10 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Киров районунун прокуратурасына шилтеме кылып, жергиликтүү “ТЕРРА” телеканалы айтып чыкты.
Тергөө амалдарына ылайык, 44 жаштагы кыргызстандык теңтуштары менен батирде арак ичип олтурган. Анан эле уруша кетишип, кыргызстандык темир түтүк менен батирдин кожоюнуна 30тан ашык ур-сокку жасаган.
Жабыр тарктан кожоюн ошол жерден жан берген, темир түтүк баш сөөгүн жанчкылап салган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ