Бишкекте 90 жаштагы абышканы сабап окуя болгон жерден качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлады.
Маалыматка караганда, шектүү кечээ 8-ноябрда жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эскерте кетсек, 7-ноябрда Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран 90 жаштагы абышканы ур токмокко алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Жаракат алган Г.Н ооруканага жеткерилип, анын оң бутунун сан сөөгү сынгандыгы аныкталган. Учурда абышка ооруканада, жакынкы күндөрү ага операция жасалат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ