Бүгүн, 20-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 82 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 55, Чүй облусунан – 19, Ысык-Көл облусунан – 5. Жалал-Абад облуунан – 3. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 87 321 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 46 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 130га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 23, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 17, Ысык-Көл облусунан – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1488ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ