Нооруз майрамынын алдында 20-мартта, КР Юстиция министрлигинин, Пробация департаментининжана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам координациялоо боюнча борборунун кызматкерлери Төмөнкү Серафимовкадагы улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге барып келишти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган социалдык мекемеге жалпы суммасы 110000 сомго матрац, жаздык, жууркан, жемиштер түрүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ