Казакстандык сулуу Карина Кабдуллина “Нооруз сулуусу-2021” таажысынын ээси болду. Нооруз майрамынын урматына өткөн сулуулар сынагына Татарстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Башкортостан жана Казакстандан алты кыз катышты.
Биринчи вице-мисс наамы Юлия Кимге (Өзбекстан) ыйгарылды. Диана Зулпуева (Кыргызстан) экинчи вице-мисс болду. Татарстан Республикасынын атынан Камилла Равилова катышкан. Ал сынактын эң жөнөкөй сулуусу деп табылды. Тажикстандын өкүлү Сабрина Борзова “Эң ажарлуу” наамын алса, Башкортостандык Яна Анварова “Көрүүчүнүн сүйүүсү” категориясында жеңишке жетишти.
Түрк тилдүү элдин улуу майрамы болгон Нооруз майрамынын урматына арналган майрам 21-мартта Казань ипподромунда белгиленди. Майрамдын конокторун жана катышуучуларын Татарстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Дамир Натфуллин куттуктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ