Menu

Таласта ПЧР-тесттин жасалма жыйынтыгын 1500 сомго сатып жүргөндөр кармалды

Бөлүшүү:

Манас райондук милициясы ПЧР-тестин жасалма кылып сатып жүргөн адамдарды кармашты. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Кара-Буура жана Манас районунун аймагында белгисиз адамдар, автотранспорт айдоочуларына “COVID-19” ПЧР анализинин жасалма жыйынтыгын
мамлекеттик чек арадан өтүү  үчүн сунуштап, 500 дөн (беш жүз) 1500 (бир миң беш жүз) сомго чейин сатып жүрүшкөндүгү жөнүндө Манас райондук ички иштер бөлүмүнө  маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пункутун жанында жайгашкан тез
татым   башыруучу имаратында Э. А.  аттуу жаран жасалма ПЧР анализдерин 1500 (бир жарым миң) сом акча каражатына сатып жүргөндүгү аныкталган.

18-март күнү Э. А. иштетип жаткан тез татым  имаратына тинтүү жүргүзүү учурунда тез татым бышыруучу имараттын ичинен жасалма ПЧР тесттер табылып чыккан. Андан тышкары бул кылымыш  ишине Манас районунун  Май айылынын тургуну 2003-жылы туулган  М. Д.  катыштыгы бар экендиги аныкталып, М. Д. турак жайына тинтүү жүргүзүү учурунда “НР” үлгүсүндөгү ноутбук жана принтер табылып чыккан. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ПЧР анализинин жыйынтыгынын үлгүлөрүн өзүнө таандык ноутбугуна интернет
тармагынан жүктөп алып, аларды жарандардын атына жасалмалап даярдап, түстүү принтердин жардамы менен басып чыгарып,  А.Э. аркылуу
жарандарга  сатып жүргөн.

Аталган факты  Манас РИИБнүн КЖБРне  катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 359-беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кармалган жарандар тергөөдө сурак беришүүдө. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалып,  тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: