Menu

Чүй районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты

Бөлүшүү:

Чүй районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 16-март күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Арал айылынын жашоочусу Д.Х. арыз менен кайрылып, 15-марттан 16-мартка караган түнү арыз ээсинин эгин талаасындагы күнөскананын темирлерин белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 45 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реесртине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй РИИБдүн аймактык тескөөчулөрү тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган М.У., 1993-жылы туулган М.К. 2003-жылы туулган К.У. жана 2004-жылы туулган М.М. аттуулар кармалышкан.

Кармалган жарандардын учөөсү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: