Бишкекте бала сатууга шектелип төртүнчү дарыгер кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов «кармалган дарыгерлердин артында чет өлкөлүк жарандар турат деген маалымат туура эмес. Алар Орусия менен Казакстанда көп жылдан бери жашап, ошол өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар. Шектүүлөр боюнча дагы иштер жүрүп жатат. Алар дарыгерлердин жардамы менен балдарды багып алган. Балдардын алды бешке чыккан, арты ымыркай. Козголгон кылмыш иштин алкагында дагы бир дарыгер камакка алынды» деп маалымдады.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ