Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына эки күндүк жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
Жумушчу сапардын алкагында Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушат, ошондой эле Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ