Menu

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге 73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга алып келүү себептерин иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти 10-августта КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Бул туралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Дамир Сагынбаев Мамлекет башчысына КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлердин 73809 аскердик бөлүгүнүн жоокерлерин аскердик кызматта шартталбаган жумуштарга тартуу жана ошондой эле айрым жоокерлердин денесине залал келтирген аскерлер ортосундагы уставдык эмес мамилелер фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү боюнча маалымат берди.

Кылмыш иши 2018-жылдын 18-июнунда Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 305–беренесинин 1-б. жана 2-б. 3-п. боюнча козголду.

Тиешелүү тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, жыйынтыктары үстүбүздөгү жылдын август айынын башында даяр болгон сот-медициналык экспертизалар дайындалган.

Тергөө күнөөлүү адамдарды аныктап, учурда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы  Дамир Сагынбаевге мыйзамды жана аскердик тартипти бузууга алып келген, аталган аскердик бөлүктүн командачылары тарабынан жол берилген себептерин жана шарттарын дыкаттык менен иликтеп, бул сыяктуу фактыларды башка аскердик бөлүктөрдө болтурбоо үчүн алдын-ала чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Аскердик прокуратурага Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күнөөлүүлөрдү кылмыш жообуна тартуу боюнча көрсөтмө берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: