Эркин Тентишев деген бизнесмен, партия лидери, Солто уруусунун башчысы бар эмес беле. Бир кездери “биз Атамбаевдин курсун колдойбуз” – деп, ыңгайы келсе да, келбесе кол чаап жүргөн. Ошол киши күздө өтчү шайлоолордо да “ат салышам, депутат болом” деп тиешелүү адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, активдеше баштаптыр. Акчасы самандай көп дешет билгендер. Ии баса, жакында эле үйүнө ууру кирип, бир миллион жашылбайын карактап кетишкенин да уккан жайыбыз бар. Уурулук боюнча укук коргоо органдарына арыз да жазбастан тындым кылып коюптур. Үйүндө эле бир миллион доллар кармаса, банктарда канча каражаты бар болду экен, бул Тентишевдин?
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ