Menu

Москвада тажик укук коргоочусу Иззат Амон кармалды

Бөлүшүү:

Москвада тажик укук коргоочусу, Тажиктер борборунун жетекчиси Иззат Амон кармалды. 25-мартта полиция кызматкерлери аны үйүнөн алып кеткени айтылууда. Бул тууралуу ал кесиптештерине кабарлаган. Москва полициясы тажик активистинин кармалганы жөнүндө азырынча маалымат бере элек.

Иззат Амондун кесиптештеринин айтымында, бир ай мурун Тажикстан бийлиги Орусиянын укук коргоо органдарына Иззат Амонго орус жарандыгын берүүдөн баш тартуу өтүнүчү менен кайрылган.

48 жаштагы Иззат Амон 2000-жылдардан бери Москвада жашайт. 2009-жылы Орусия ТИМине караштуу Дипломатиялык академияны, 2013-жылы Орусия президентинин аппаратынын алдындагы Мамлекеттик кызмат академиясынын аспирантурасын аяктаган.

Иззат Амон Москвадагы Эл аралык адвокаттар бюросунда иштейт жана «Москвадагы тажиктер борбору» уюмун жетектейт.

2019-жылы Иззат Амони хиджапка тыюу салууну сындап чыкканы үчүн Тажикстанда ага экстремизм беренеси боюнча иш козголгон.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: