Menu

Казакстандын батышында жүздөй мунайчы кайрадан иш таштады

Бөлүшүү:

Актөбө облусунун Көкжиде кенинде «КМК Мунай» компаниясынын жүздөй жумушчусу 25-мартта кайрадан иш таштады. Алар жетекчилик январдагы жети күндүк иш таштоодон кийин берген убадасын аткарбаганын айтышууда.

Эки айдан бери жаңы кесиптик кошуун түзө албай жүргөн «КМК Мунайдын» жумушчулары «башчыларга карапайым кызматкерлердин укугун коргой турган кесиптик кошуундун кереги жок» деп эсептешет.

—Биз ачык шайлоону талап кылганбыз. Бирок кесиптик кошуундун тармактык өкүлдөрү добуш берүү жабык болот деп чечишти. Биз экинчи иш таштоону баштадык, себеби таза шайлоо болбой турганын билебиз, —деди «КМК Мунай» компаниясынын кызматкери.

Бир ай мурун жумушчулар «КМК Мунайдын» президенти Ван Цзиньбаого эгер катардагы кызматкерлердин укугун коргогон уюм түзүлбөсө, мунай казып алуу токтотуларын эскертишкен.

Мунайчылардын тармактык кесиптик кошуунунун өкүлү Жанжарык Кузембаевдин айтымында жаңы кесиптик кошуунду түзүү боюнча добуш берүү 25-мартка белгиленген. Бирок жумушчулар көрсөтүлүп жаткан лидерлерге макул болбой, иш ташташкан.

400гө жакын киши иштеген «КМК Мунай» компаниясы 2004-жылы негизделген. Сайтындагы маалыматка ылайык, ал Актөбө облусундагы Көкжиде, Кумсай жана Мортук мунай кендерин иштетүү боюнча келишимдерге ээ. Компаниянын акционерлери болуп Панамада катталган Yukon Energy Holding S.A жана казак-кытай биргелешкен «СНПС-Актөбөмунайгаз» ишканалары эсептелет.

Январда Актөбө облусунда «КМК Мунай» жана «АМК Мунай» компанияларынын жумушчулары эмгек шарттарын жакшыртууну жана айлыкты жогорулатууну талап кылып иш ташташкан. Алар жумуш берүүчү талаптарын аткарууга убада бергенден кийин иш орундарына кайтышкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: