Menu

Moderna менен Pfizer вакциналарынын натыйжалуулугу реалдуу шартта аныкталды

Бөлүшүү:

Pfizer менен Moderna фирмалары чыгарган COVID-19га каршы вакциналардын жогорку натыйжалуулугу коронавирус жуктуруп алгандарга жардам берген медиктердин арасында жүргүзүлгөн иликтөө учурунда тастыкталды.

Бул тууралуу АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча федералдык борборунун (СDC) отчетунда айтылат.

Эки вакцинанын эффективдүүлүгү 90% түзгөн. Вакциналардын биринчи дозасы вирустан 80% коргогон. Вакциналар бир нече жума тыныгуу менен эки жолу сайылат.

Иликтөөгө катышкан үч миңдей кишинин арасынан үч ай аралыгында 11 киши гана коронавирус жуктуруп алган. Бул клиникалык сыноолор учурунда белгилүү болгон. Иликтөө вакциналардын мутацияланган жаңы түрүнөн да коргоого кудуреттүү экенин көрсөткөн.

СDC башчысы Рашел Валенски вирустун улам жаңы түрү чыгып, адамзатты кооптондуруп жаткан маалда «бул иликтөө өтө чоң үмүт жаратууда» деп билдирди.

Дүйшөмбү күнгө карата америкалыктардын 29% COVID-19га каршы вакцинанын бир дозасын алды.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: