Menu

Жайыл РИИБдүн кызматкерлери өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адамдын өмүрүн сактап калышты

Бөлүшүү:

Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнун кызматкерлери эркек кишинин өмүрүн сактап калууга үлгүрүшкөн. Эркек кишинин дем алуусу токтоп бараткан секундада аны бошотушуп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп аман алып калышкан. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя 2021-жылдын 16-февралда кечкисин Жайыл районунун Кара-Балта шаарында болгон. Жайыл РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө Кара-балта шаарындагы үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, үйдүн эшигин каккылаганда эч ким ачкан эмес. Бирок үйдүн ички свети күйүп тургандыктан, ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери кошуналары тарабынан короого киришкен. Үйдүн ичиндеги конок бөлмөгө киришкен учурда эркек кишинин асылып турган денесин көрүшкөн. Эс-учун жогоруп жаткан эркек кишини дароо асылып турган жеринен бошотушуп, алгачкы медициналык жардам көргөзүшүп, бактыга жараша ал киши аман калган.

Териштирүү учурунда ал 37 жаштагы жергиликтүү жашоочу экендиги такталып, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам аялы кетип калып, мас абалында ушул кадамга барганын билдирген. Кызматкерлер тарабынан ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кийин ал жаран өз учурунда жардамга жетишип келишкен кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирген.

Жайыл РИИБдүн жетекчилиги тарабынан ошол окуяга убагында барышып адам өмүрүн сактап калышкан тергөө кызматкери менен криминалдык милиция кызматкерине ыраазычылык билдирилип, алардын кызмат учурунда аткарган жумуштары баардык кызматкерлерге үлгү болоорун белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: