Аба ырайынын начарланышына жана болуп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу КР ИИМ ЖКККББнын башкармалык жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери унаа жолдорунда унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн көзөмөлгө алып жана жол кырсыктарын алдын алуу иш чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда “Бишкек-Ош” “Бишкек-Талас” каттамы боюнча Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашуулары аркылуу өтүүчү жолдор кардын катуу жаап, шамаал болуп жаткандыгына байланыштуу баарын унаа каражаттарынын катоосу, аба ырайынын оңолушуна чейин толугу менен токтотулду.
Чүй облусу тарабынан Сосновка айылы, Жалал-Абад облусунан Чычкан жана Талас облусу тарабынан Осмонкулов айыл аймагы тарабынан унаа каттамдары толук токтотулду.
ИИМдин ЖКККББы бөөдө кырсыктардан алыс болуп жана жол кырсыгынан алдын алуу максатында жараандарды ашуулар аркылуу өтүүчү жолдор менен сапарга чыгууну аба ырайынын оңолушуна чейин токтотуп турууну жана республика аймагында аба ырайы кескин бузулуп жолжордо жаан жана кар жаап жаткандыгына байланыштуу айдоочуларга муктаждыгы жок алыскы жолго чыгууну токтотууну сунуштайт.
– алыскы жолго чыгаарда, унаанын техникалык абалын текшерип, биринчи медициналык жардам көрсөтүүч жабдык, чынжыр, күрөк ж.б.у.с атайын жабдыктарын бар экенин карап.
– кышкы дөңгөлөктөрүн убактылуу алмаштырбай турууну.
– Аба-ырайынына көңүл буруп.
– Тоолуу жолду, ашууларды ашууда унаа ортосунда 500 метр аралыкты жана жол кыймылынын баардык эрежелерин сактоону сунуштайт;
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ