Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта кол койгон Жарлыкка ылайык, аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Ниязбеков Усенбек Ниязбекович «Эрдик» медалы менен сыйланды (курман болгондон кийин). Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, ал 7-август күнү Кош-Ташта болгон окуяда ок тийип каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ