Menu

«Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин жан сакчылары кимдер?

Бөлүшүү:

26-декабрь күнү Бишкектеги кымбат ресторандардын биринде кыргыздын кыйын жигиттеринин бири өзүнүн 50 жылдык торколуу тоюн өткөрдү.

“Тойго кримдүйнөнүн королу, “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев да келип, ага эң чоң сый көрсөтүлүп жатты”, –  деп билдирет биздин жеке булактар.

“Тойго келгендердин көпчүлүгү акырын уурдана Камчы Көлбаевге көз салып жаткандарын байкоого болот эле. Айрыкча анын жак сакчылары өзгөчө көңүл бурдурду. Биринчиден, алардын санынын көптүгү таңгалдырды. Ресторандын сыртында жана ичинде эбегейсиз көп жан сакчылар коопсуздукту камсыз кылуу менен иштеп жатышканы көрүнүп турду. Мындай коопсуздук чаралары экс-президент Алмаз Атамбаев барган сейрек тойлордо гана көрүлчү. Экинчиден, баары тыкан, костюм-шым кийип галстук тагынып, сылык сүйлөгөндөр экен. Атамбаевге дагы бир окшоштук –  Камчы Көлбаевдин жан сакчыларынын ичинде да эки орус жигит пайда болгону байкалды. Мурун мындайды байкаган эмес элек. Атамбаевге орус жан сакчыларын ФСБ берген деп айтылып келет. Ал эми Көлбаевге балким АКШ айтып жаткан “Мыйзамадагы ууруулар” трансулуттук кылмыштуу уюм бергендир. Билермандардын айтуусунда Камчы Көлбаевдин жан сакчылар командасынын дээрлик баардыгы биздин экс-чекисттер экен. Көлбаев мурун милицияда иштегендерден жан сакчылыкка эч кимди албай тургандыгы да айтылды. “Каралардын” жазылбаган мыйзамдары боюнча “кызылдар” менен кызматташууга болбойт. “Кызылдар” өздөрү деле “караларга” барбаганга аракет кылышат. Ал эми профессионалдуу киллер катары айыпталып, бир нече кишини өлтүрүүгө катышкан деп өмүр бою эркинен ажыратылган Атамбаевдин экс-жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Атамбаев бийликке келгенден кийин акталып, азыр өлкөдөгү таасирдүү кишилердин бири. Мамбеталиев тескерисинче жан сакчылар командасына жалаң экс-милиционерлерди топтогон. Анткени ал өзү мурунку милиция кызматкери болгондуктан “кызылдар” менен кызматташууга боло берет дешет. Ошондо Көлбаевди экс-чекисттер ал эми Эркин Мабеталиевди экс-милиционерлер (албетте милициянын элиттүү отряддарында кызмат кылгандардан) кайтарышат экен”, – дейт биздин булак.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: