Бүгүн, 16-январда ырчы Аваз Акимов кыздуу болду. Бул тууралуу ал өзү “Инстаграм” баракчасына жазды.
Анын айтымында, жубайы Айдана Дэка түндө аман-эсен көз жарып, кыздуу болгон. Кызынын бою 51 сантиметр, салмагы 3, 3 килограм. “Бул дүйнөгө кош келипсиң бөбөк. Бизди ата-эне кылып тандаганың үчүн чоң рахмат”, — деп жазды ата болгон ырчы А.Акимов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ