Menu

Ташкенттин мэри шаар жаштарынын арасындагы жумушсуздукту жоюуну убадалады

Бөлүшүү:

Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаев сентябрь айына чейин шаар жаштарынын арасындагы жумушсуздукту жоюуну убадалады. Калаа башчысы бул тууралуу 31-мартта жаштар менен жолукканда билдирди.

«Ташкентте 87 миңден ашык компания бар. Булардын баары өнүккөн компаниялар. Биз ар бирине бирден киши киргизсек, 87 миң киши иш менен камсыз болот. Жыл башында Ташкенттеги жумушсуз жаштардын саны 27 миң болсо, азыр 23 миңге түштү. Сентябрга чейин шаарда бир да жумушсуз жаш калбайт», — деди Артыкхожаев. Айрым социалдык түйүн колдонуучулары Ташкенттин башчысы айткан бул сандардан күмөн санаган пикирлерин жазышты. «Мэр Орусияда иштеп жүргөндөрдү эсепке алдыбы? Алдагандын да чеги болот. Райондорго келиңиз, баары ишсиз, баары жаштар. Сентябрга чейин кандай болорун көрөбүз. Буга чейин Американын эң алдыңкы президенттери да жумушсуздукту жоём деп айтышкан эмес», – деди Рустам Каюмов аттуу Facebook колдонуучусу.

Өзбекстанда жыл башында «Ар бир ишкер — жаштардын жардамчысы» аттуу жалпы улуттук демилге жарыяланган. Ага ылайык, 18-30 жаштагы жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу ишкерлердин жоопкерчилигинде болот. Бул үчүн ишкерлерге жеңилдиктер каралган.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын экинчи кварталында Ташкентте жумушсуздук 7,8% түзгөн. Ошол эле маалда ишсиз жарандардын саны расмий маалыматтардан кыйла көп экени айтылып келет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: