Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге генерал-майор наамы, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылды.
Өлкө башчысы аталган сыйлыктарды кечээ 3-апрелде Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, “Коопсуздук”2021,”Калыптоо 2021” командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусунун салтанаттуу бөлүгүндө тапшырды. Ошондой эле бир катар аскер кызматкерлери Башкы кол башчыдан энчилүү саатарды жана алкыштарды алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ