Президенттик балаты 27-декабрда болот. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, балаты онлайн режиминде өтүп, республикалык телеканалдардан көрсөтүлөт.
«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу президенттик балаты онлайн режиминде өткөрүлөт. Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучунун атынан жергиликтүү бийлик 27-декабрга чейин балдарга максаттуу белектерди тапшырат», – деди Нургазы Анаркулов.
Жалпысынан 1800 балага жаңы жылдык белектер берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ