Menu

Садыр Жапаров памирлик кыргыздарды кышка чейин көчүрүп келүүгө ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Президент Садыр Жапаровбүгүн 4-апрелде Оштун Алай районундагы памирлик кыргыздардан кабар алды. Жапаров Ооганстандан келген боордошторго Кыргызстандын жарандыгын берүү маселесин тездетээрин белгиледи.

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, памирлик кыргыздар менен баарлашууда Садыр Жапаров ооган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин көчүрүү ниети жөнүндө айтты. Бул үчүн мамлекетте жетиштүү мүмкүнчүлүк бар экени кабарланды.

Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарты жок Чоң жана Кичи Памир тоолорун байырлайт.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: