Menu

Тажикстандык студенттерге Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди

Бөлүшүү:

Тажикстандык студенттерге жогорку окуу жайлардагы окууларын улантуу үчүн Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди. Мындай чечим 31-мартта кабыл алынганын Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги кабарлады.

Чечимге ылайык, Венесуэла, Германия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан жана Шри-Ланка өлкөлөрүнүн студенттери, аспиранттары, ординаторлору жана даярдык факультеттеринин угуучулары окууларын улантуу үчүн Орусиянын аймагына кире алышат. Алар окууга кайтаары тууралуу өздөрү билим алган окуу жайга 10 күндөн кеч эмес убакта маалымат бериши керек. Мындан тышкары студенттер Орусияга кирээрдин алдындагы 72 сааттын ичинде жана киргенден кийинки 3 сутканын аралыгында эки ПЧР тест тапшырууга милдеттүү болушат.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги өткөн жылы өлкөнүн 3 миңден ашык жараны чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларга тапшырып, бирок пандемиядан улам көпчүлүгү аралыктан окууга аргасыз болуп жатканын кабарлаган. Айрым тажикстандык студенттер интернет ылдамдыгынын аздыгына жана электр жарыгын берүүдөгү мүчүлүштүктөргө байланыштуу онлайн окууда кыйынчылыктар жаралып жатканын билдиришкен.

Буга чейин орус өкмөтү эпидемиологиялык абал кооптуу эмес деп эсептелген 25 өлкөнүн студенттерине, аспиранттарына, ординаторлоруна жана даярдоочу курстардын угуучуларына Орусияга кайтып келип, окуусун улантууга уруксат берген. Анда бул өлкөлөрдүн тизмесине Тажикстан менен Өзбекстан киргизилген эмес.

Бүгүнкү күндө Орусиянын жогорку окуу жайларында 26 миңге жакын тажикстандык студент билим алууда. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алардын көбү аралыктан окууга өтүшкөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: