Ноябрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 637,6 млн кубметрге кыскарган.
26-ноябрга карата суу сактагычта суунун көлөмү – 16 млрд 396,8 млн куб метр сууну түзгөн. Бул тууралуу маалымат “Электр станциялары” ААКсынын материалдарында айтылат.
Бир күндө суунун агып келиши орточо эсеп менен секундасына 220 кубметр, агып чыгышы – 641 кубметр. Ошентип ноябрда суу сактагычтагы суу көлөмү – 637,6 млн кубметрге кыскарган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ