Menu

Фарид Ниязовдун жалганчылыгы, Карамушкинанын кезектеги демагогиясы

Бөлүшүү:

“Азаттыкка” Айеркен Саймаити менен “Райым-миллионго” байланышкан материал обого чыгарылары менен АШАнын кыйышкыс адамы Ирина Кармушкина аракеттеги президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо демилгеси менен чыкты. Анын артынан абакта жаткан Фарид Ниязов: “инаугурацияга байланышкан бардык маселелерди президенттин аппараты эмес, инаугурация боюнча Уюштуруу комитети уюштуруп өткөргөн, Хабибулла Абдукадырды ал жерге Сооронбай Жзэнбеков өзү чакыргандыгы”- жөнүндө билдирүү таркатты.

Мында экөөсү тең жөнөкөй окурмандарды, Кыргызстандын жалпы жарандарын дөдөй, эч нерсени түшүнбөгөн энөө катарында башыбызды айландыргылары келгендери жанды кашайтат. Болуптур, инаугурация маселесин президенттик аппарат эмес, Уюштуруу комитети чечиптир дегенине макул бололу, бирок ал Комитетти жетектеген ким эле? Аны баштан аяк жетектеген Фарид Ниязовдун өзү болгондугун бала деле билет. Анын үстүнө мамлекеттин башчысы алмашып жаткандыгына байланышкан иш чарадан президенттин аппараты четте калып, кайдагы легитимсиз Комитетке өткөрүп берип коёт дегенге акыл-эси ордунда турган бир да адам ишенбейт. Уюштуруу Комитети деген формалдуу эле нерсе болгондугун, чындыгында кимдерди чакырып, кайсыл жерге отургузгандан, сый жагына чакырылгандарга кандай тамактарды, суусундуктарды, ичимдиктерди бергенге чейинки маселелердин бардыгын Фарид мырза өзү көзөмөлдөгөндүгүн ага аралашкандар айтып эле жүрүшөт.

АША дайыма жалганчылык, алдамчылык менен жашап келсе, түрмөдө жатып алып да “менден таза эч ким жок, жүздөгөн миллиондогон долларларды кудай өзү эле берген”-деп жанын жеп жаткандыгына бардыгыбыз күбөбүз. “Сыныктан башканын баары жугат” демекчи, шефинин жанын жеген калпычылыгы Фарид Ниязовго да жугуптур. Сооронбай Жээнбеков Х.Абдукадыр менен таанышса, таанышкандыр, бирок ал тебетей тааныштан болсо, “Балыкчы балыкчыны алыстан көрөт” болуп, АША үчүн ал кучакташкан досторго айланып кеткендигин интернеттеги сүрөттөр ырастап жатпайбы. АШАнын көз карандысыздыктан бери эле рейдер болуп келаткандыгын, адегенде Жазуучулар союзун тоносо, анан алты ири ишкананы банкротко учуратып, станок-жабдууларын темир сыныктары катарында сатып, эң аягында Кыргызстан үчүн оор шарттарда алынган кредиттердин да бир бөлүгүн мойсоп жибергендигин, аларды да танып жаткандыгын жакшы билебиз. АШАнын өзүм билемдиги, терсаяктыгы, кежирлиги сыяктуу сапаттарын эске алганда ал жактырмайынча бир адамды мамлекеттик резиденциянын аймагына киргизүүгө мүмкүн беле? Албетте, ага мамрезиденция түгүл, Кыргызстандын баарын өзүнүн менчигиндей эсептеген, ошон үчүн мураскору менен чатакташып, эки лагерге бөлүнүп кеткен АША өлүп баратса да жол бермек эмес.

АША кызматтан кеткенден кийинки алгачкы айларда мамрезиденцияга достору 1,5 миллион долларга куруп берген хан сарайда жашап жаткандыгын айтып мактанып жүрдү. Чындыгында аны мамлекеттик кызматты, экстик макамды антип жеке кызыкчылыгы үчүн пайдалангандыгы үчүн эле камап салса болмок. Ал жайды Терек-Сайдагы сурма кени, убада кылынган “Мегаком”, “Коопсуз шаар”долбоору үчүн кимдин куруп бергенинин эми чети чыгып жатпайбы. Х.Абдукадырды “отко киргизип”, ал бүткөргөн хан сарайдан даам сыздыруу үчүн АША өзү чакыргандыгы эми ачыкка чыгууда, жакында айныксыз далилденерин бөркүңүздөй көрсөңүздөр болот.

Эми Карамушкинанын “импичментине” келсек, ал кыргызча жакшы түшүнбөгөндүгүнө карабастан өтө эле оперативдүү реакция жасагандыгына караганда “Азаттыкта” эмнелер даярдалып жаткандыгын алдын ала билгендей, анын үстүнө “Азаттыктагылар” 2012-2017-жылдарда болгондорду АШАдан биротоло алыстатышып, баарын азыркы бийликтегилерге төңкөгүлөрү келип жатышкандары ачык болуп калбадыбы. Мында алардын бир кызыкчылыгы бар окшойт. Мына ушундан жана башка далилдерден улам Райым-миллион менен Айеркен Саймаитинин шектүү иштеринин аргында АША турганы айкын болуп баратат. Болбосо АШАнын шопурлуктан башкы консулдукка чейин жеткирген көздөй адамы Эркин Сопоков эмне үчүн Саймаитини дипломатиялык номерлүү автоунаасында эркелетип жүргөн? Карамушкинанын бул жоругу да “эң мыкты коргонуу – бул чабуул”, “ карма, ууруну карма деп ууру жүрөт” болуп, өзүнүн абактагы шефинен күнөөнү алысткаткысы келген эле жандалбас кылган аракети болуп саналат. Ал айым өзүнүн саясый келечеги АШАга гана байланыштуу экендигин, ансыз алдыдагы парламенттик шайлоодон кийин кайрадан катардагы мектептин катардагы мугалимине айланарын эң сонун билип, кудайдан күнү-түнү АШАнын саясатка кайрылып келишин гана тилеп турган убагы. Чын-чынына келгенде эмнени тиленсе, ал өзүнүн жекече иши. Ал өзүнүн жекече каалоосу, максаты, бирок парламентте отурган адам импичмент маселеси расмий түрдө кантип көтөрүлөрүн, ага чейин бардыгы ачык мүнөздө эмес, ишкердүү кырдаалда гана даярдаларын билиш керек эле. Башмыйзамдын 67-беренесинде жазылып тургандай, парламенттеги депутаттардын үчтөн бири гана андай маселени көтөрө алат. Эгерде алардын жыйынтыктарын Башкы прокуратура мыйзамсыз деп тапса, анда ал түздөн-түз парламентти таркатууга алып келет. Бирок, буту күйүп бараткандай абалда турган адамдын андай заң-закүндөрдү эстебеси да бышык. Андайлардын оозунан “а” дегенде эле реалдуулукка жакындабаган демагогиялар чыгарын Карамушкинанын мисалынан көрүп жатабыз.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: